Үстүбүздөгү жылдын 25-январында Жогорку Кеңештин жыйынында Африкага учактарды лизингге берүү маселеси көтөрүлгөн.

Ага байланыштуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) төмөнкүлөрдү билдирет:

««Эйр Кыргызстан» ААКсынын учактары Африкага эч качан лизингге берилген эмес, андан тышкары, ал жакта калган эмес. Мүмкүн, башка авиакомпанияны айтып, «Эйр Кыргызстан» ААКга тиешеси жок башка учактар жөнүндө сөз болгондур.

«Эйр Кыргызстан» ААК «Кыргызстан авиакомпаниясы» ААКсынын укуктук мураскери болуп саналат. Компания өлкө президентинин 2005-жылдын 4-ноябрындагы жарлыгына жана КР өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы токтомуна ылайык, жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү абада ташууну, литердик каттамдарын ишке ашыруу максатында түзүлгөн жана башка аба ташууларын аткарышат.

Ишкана Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына, ИКАОнун (Эл аралык жарандык авиация уюму) стандарттарына жана эрежелерине, Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган жарандык авиация чөйрөсүндөгү эл аралык ченемдик укуктук актыларга ылайык жана 2020-жылдын 21-февралындагы коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун протоколу менен бекитилген коомдун уставы боюнча өз ишин жүргүзөт.

Компаниянын негизги ишмердүүлүгү жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү коммерциялык аба ташуу; жаңы ички жана эл аралык каттамдарды өнүктүрүү жана ачуу болуп эсептелет.

Коомдун акционери болуп коомдун уставдык капиталынын 100% акциясына ээлик кылган Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлк фонду саналат».