15-январда «Кумтөр Голд Компани» (КГК) Кумтөр кенинин калдыктарын кайра иштетүүчү компанияны жана технологиясын тандоо боюнча тендерди аяктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Компания аныкталган жаңы жетекчилик ишкананы 2031-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыкканын билдирди. Адистердин айтымында, карьерден 135 тоннадан ашык алтын алынса, дагы 112.6 тоннасы калдык сактоочу жайларда турат.

«Учурда эскирген калдыктарды кайра иштетүү боюнча долбоор ишке ашыруу стадиясында турат. 15-январда ишкананы жана калдыктарды кайра иштетүү технологиясын тандоо боюнча сынак аяктады. Жылына 12 млн тоннага жакын калдыктарды кайра иштетүү пландалууда», — деп билдирди КГК.

КГК кошумчалагандай, дамбанын курулушу катуу көзөмөлгө алынгандыктан, чынында эле калдыктарды толтуруу коркунучу жок.

Азырынча калдык сактоочу жайды иштетүү боюнча подрядчынын аты-жөнү жана долбоордун башка деталдары ачыктала элек.