Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Курак Энциклопедиясы» санариптик көргөзмөсүнүн жабылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йозефсон, «Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу” долбоорунун координатору Банур Абдиева, Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борборунун өкүлү Мира Карыбаева жана “Курак” аялдар форуму коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана башка уз айымдар катышты.

Чыңгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө, курак куроо чеберчилиги ата-бабаларыбыздан калган мурас экенин белгилеп, “бул чеберчилик бүгүнкү күнгө чейин маданияттын өзүнчө бир бутагы болуп сакталып, заманбап багытта да өзүнүн баалуулугун жана уникалдуулугун жоготпой келүүдө” — деди.

Ошондой эле ал, “Курак” аялдар форуму коомдук бирикмеси он жылдан ашуун убакыттан бери аялдардын ишкердик маселелерин илгерилетип, бизнес менен алектенген аялдардын руханий, инсандык жана профессионалдык өсүшүнө көмөктөшүүчү сапаттуу жана эффективдүү кызматтарды жана программаларды сунуштап жаткандарына ыраазылык билдирди.

Көргөзмө текстиль өнөр жайындагы калдыктарды түстүү, кооз чыгармаларга айлантуу, аны менен адамдардын айлана-чөйрөгө болгон мамилесин өзгөртүүгө көмөктөшүү, ишкер аялдар заманбап буюмдар үчүн эски үлгүлөрдү колдонууну, улуттук мурастарды жана салттарды сактоо максатын көздөдү.

Аземде “курак” техникасындагы мыкты үлгүлөр көрсөтүлдү. Алардын айрымдары 100 жыл мурда жасалган. Көргөзмөнүн жүрүшү курак боюнча санариптик видеотасма, курак куроо боюнча кыскача мастер класс жана курак техникасында жасалган чапандардын дефилеси менен жыйынтыкталды.

Көргөзмө Европа биримдигинин колдоосу жана Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору менен өнөктөштүктө «Лидер» Атуулдук демилгелер борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан “Digikonush – санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу” долбоорунун алкагында «Курак» аялдар форуму коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду.