Депутат Жеңишбек Токторбаев “КЭП СТРОЙ” курулуш компаниясынан жабыркаган жарандар менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев бүгүн Киев 206 дарегинде жайгашкан “КЭП СТРОЙ” курулуш компаниясынан 14 жылдан бери жабыр тартып келе жаткан жарандар менен жолугушту.
Курулуш компаниясынан жабыр тарткан жарандар 14 жыл мурун бир квадрат метрди 800-850 АКШ доллардан сатып алып бүгүнкү күнгө чейин үйүнө кире албай келишет.
“Буюрса жеке ыйгарым укуктарым пайдаланып колумдан келишинче мыйзам чегинде шайлоочулардын таламын талашып, мүдөөсүн аткарганга бар күчүмдү жумшаймын.
Андан сырткары бул маселенин азабын өтө көп жарандарыбыз тартып келишет. Ал боюнча тиешелүү мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы мыйзам долбоорлорун даярдайм буюрса” – деген пикирин билдирген депутат Токторбаев Facebook социалдык тармактагы баракчасына.