Жөлөк пул алуу үчүн документ чогултуу бир аз жеңилдеп, кээ бир маалым каттар автоматташтырылды. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

«Санарип аймак» сервиси министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө социалдык төлөмдөрдү дайындоого кайрылган жарандардын катталган жери жана үй-бүлө курамы тууралуу маалым катты ыкчам алууга шарт түзгөн.

Мындай маалым каттар мурда жергиликтүү бийлик тарабынан берилип келген. Азыр ал документ бирдиктүү базада камтылат. «Санарип аймак» автоматташтырылган системасына кирбей калган жарандар жергиликтүү бийликке кайрылып, каттатуусу зарыл.