Ооздон чыккан жагымсыз жыт аркылуу кайсы орган начар иштеп жатканын же кандай оору бар экенин аныктаса болот. Бул тууралуу «Доктор Питер» басылмасына стоматолог жана туура тамактануу боюнча адис Юлия Лапушкина айтып берди.

«Бул жыт өзүбүзгө байкалбаганы менен башкаларга дароо сезилет. Жана ага дайыма эле тишке туура эмес кам көрүү себеп боло бербейт. Ички органдарда көйгөй пайда болгондо дагы ооз сасыйт», — деди дарыгер.

Ошондой эле ал кандай жыт эмнеден кабар берерин санап берди:

Ириң сымал жыт

Тишке курт түшүп же бүйлөлөр ооруп жатканда чыгат. Ошондой эле ооз көңдөйүнүн былжырлуу челинин сезгенүү ооруларынан кабар берет.

Сасып кеткен жумуртка сыяктуу жыт

Көбүнчө тамак сиңирүү системасында дарт бар экенин түшүндүрөт. Мындайда адамга жагымсыз жыт гана эмес, оозуна жагымсыз даамдар да келе баштайт.

Кычкыл жыт

Негизги себеби — кычкылдуулуктун жогорулашы жана гастрит илдети.

Оозго ачуу даамдын келиши

Боор жана өт ооруларынын белгиси болушу мүмкүн.