2022-жылдын 27-январында Кадамжай районунун тургуну 1984-жылы туулган А.Б. арыз менен кайрылып, анда  жарандык никеде жашап жүргөн аялы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. 2021-жылы туулган А.Х. аттуу кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган маалымат Кадамжай РИИБдин Маалыматтардын электрондук журналына  катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталган.

2020-жылдын март айында Кадамжай районунун  1984-жылы туулган А.Б. Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. менен жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылдын 13-мартында А.Х. аттуу кыздуу болушкандыгы, 2023-жылдын январь айынын баш чендеринде  экөө өз ара  келише албай ортолорундагы келишпестик сөздөр аркылуу  арыздануучу А.Б. аялы менен чогуу жашабай калышкан.

Ошол себептүү, Ш.М. 2023-жылдын 5-январында өзүнүн кызы  А.Х.  уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча жаш бала А.Х.  карата соттук-медициналык жана соттук-психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалып, Ш.М.  уюлдук телефондору далил буюм катары алуу жүргүзүлгөн.

Ал эми, жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин  138-бер. 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө кошумча маалыматтар берилет.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы