2023-жылдын жыйынтыгы менен 2024-жылы расмий түрдө маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырууга милдеттүү болотБул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бирдиктүү салык декларациясы үч этап менен киргизилүүдө.

«Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун алгачкы этабы жүрүүдө. Бюджеттен каржыланган кызматкерлер, мамлекеттик, муниципалдык мекемелерде иштегендер, доктур, мугалимдер быйыл 1-майга чейин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын тапшырышы керек. Мындан тышкары, чыгашасы 300 миңден ашкандар жана эл аралык ишканалардын кызматкерлери дагы буларга кошулат. Бул биринчи этабы болуп эсептелет.

Экинчи этабында 2023-жылдын жыйынтыгы менен 2024-жылы расмий түрдө маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырууга милдеттүү болот. Ал эми үчүнчү этапта, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 2026-жылы жумушсуздар, пенсионерлер, студенттер, жалпы жарандар салык декларациясын бериши шарт.

Бул өнөктүк жарандардын кирешесин, катталган мүлкүн аныктаганга шарт түзөт. Мындан тышкары, көмүскөдөгү каражаттарды ачыктаганга жол ачат. Жалпы жарандар бирдиктүү салык декларациясын тапшырса мүлкүн башкага каттатып коюу көйгөйү токтойт», — деди Ысабеков.

Ошондой эле ал салык декларациясын толук киргизүү буга чейин бир нече ирет жылдырылганын кошумчалады.