Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын макулдашуунун негизинде 2023-жылы БИЗНЕС ЖАНА ЭКОНОМИКА багыты боюнча Эл аралык бакалавриат программасына кабыл алуу жарыяланды. https://perm.hse.ru/ba/interbac/

Бакалавриатта окуу мөөнөтү төрт жыл.

Биринчи курс – Жогорку Экономика мектебинин Пермь кампусунда, экинчи жана андан кийинки жылдары – Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун базасында. Бүтүрүүчүлөр Россия Федерациясынын Улуттук изилдөө университетинин Жогорку Экономика мектебинин мамлекеттик дипломуна ээ болушат.

Катышуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: 2023-жылдын март айында Бишкек шаарында өтө турган орус тили жана математика боюнча кириш экзамендерин тапшыруу. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 30 абитуриент Пермь шаарындагы Экономиканын жогорку мектебине кабыл алынат. Мындан сырткары студенттерге стипендия төлөнөт жана окуу мезгилинде ыңгайлуу жатаканадан орундар берилет. Белгилей кетсек, Улуттук изилдөө университетинин Экономиканын жогорку мектебинин дипломуна ээ болгон адистер Кыргыз Республикасынын аймагында да, Россия Федерациясында да суроо-талапка ээ болот. 02.02.2023, саат 17:00дө КР Финансы министрлигинин жыйындар залында Ачык эшик күнү өткөрүлөт.

Дареги: Эркиндик булвары, 58, 3-кабат.

Ошондой эле 02-03 февраль күнү "Бизнес жана экономика боюнча эл аралык бакалавриат" программасына кабыл алуу үчүн пилоттук тест болот.

Дареги Эркиндик булвары, 58А, 6-кабат, 610-кабинет, Кыргыз Республикасынын

Финансы министрлигинин Окуу борборунун базасында. Кыргызстандын аймактарында жашагандар үчүн онлайн байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Катталууну үчүн шилтеме https://forms.gle/8pEF32YMaLTzw5W1A

Каттоо үчүн шилтеме https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdeSIm_bNC-

L6xrynAazMVAvVfl1rULNItG-FuQmPm_67aKZg/viewform

Сыноо тестине катталуу үчүн шилтеме https://forms.gle/ZZZLm8S1VFmD4CJi9

Байланыш номери: 0559 503 163 — Рубцова Виолетта

КРФМ