Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө министрликтин, министрликке караштуу администрациялык ведомстволордун жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын 2022-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2023-жылга карата иш пландары жөнүндө баяндамалар угулуп, талкууланды.

Бакыт Төрөбаев тиешелүү жетекчилерге энергетикалык компанияларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылууну, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча күбөлүк алган компаниялар эгерде узак мөөнөткө чейин иш баштабаса, министрликке алардын маселесин кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, үстүбүздөгү жылы 50гө жакын чакан ГЭСтерди куруу зарыл экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, 2023-жылга коюлган ар бир иш план өз убагында аткарылуусу керектигин баса белгилеп, энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду кыска убакыттын ичинде ишке ашырууну тапшырды.

Маалымат үчүн: 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн 2023-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычынын көлөмүн 8,6 млрд м³ суу менен камсыздоо пландалууда. Ошондой эле, быйыл 2,2 млрд кВтс чейин электр энергиясын импорттоо каралган.

Ал эми, жалпы республика боюнча көмүрдүн керектөөсү – 2 996,6 миң тонна, күйүүчү мазуттуку– 48,5 миң тонна.