Ош облусунун мурдагы губернатору Мамасадык Бакировдун үй-бүлөсүнүн үстүнөн 1-май райондук ички иштер башкармалыгына арыз түшкөн. Анда, жабырлануучу А.Эргешова аттуу жаран менен биргеликте бизнес баштап, анын 60 миң долларлык бизнесин тартып алганы айтылат. 

Датка-Айым жана Алмаш аттуу жарандар А.Эргешовага бизнес баштап беребиз деп кофейнянын франшизасын сатышат. Ошону менен катар, Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсү 140 дарегиндеги имаратты ижарага беришет. Эргешова апасынын батирин, өзүнүн минип жүргөн унаасын сатып, анын акчасына ремонт иштерин жүргүзүп жана керектүү буюмдарды сатып алып имаратты даярдайт.

Кофейня даяр болгондон кийин Алмаш аттуу жаран, Эргешованын даяр бизнесин тартып алып, аны чыгарып салган.

Алмаш Ош облусунун мурдагы губернатору Мамасадык Бакировдун жубайы. Алданып калдым деген Эргешова тарабынан укук коргоо органдары ишти карабай жатканы, Мамасадык Бакиров ачылган кылмыш ишин тааныштары аркылуу жаптырууга аракеттенип жатканы айтылат.

“Бизнести ачуу үчүн апамдын Ош шаарында жайгашкан эки бөлмөлүү батирин, өзүмдүн айдап жүргөн машинемди саткан болчумун, азыр апам Раимбердива Жумагүл Кахаровна үйсүз калды” — дейт ал.

Жабырлануучу тергөө ишине нааразы болуп, кызматкерлер көңүл бурбай жатканын кошумчалаган.

“Азыркы учурда кылмыш иши тергөөчү Абдыраев Мураттын кароосунда, М. Абдыраев ушул күнгө чейин бир да тергөө амалдарын жүргүзгөн жок, тескерисинче мага материалдык зыян тийгизип, менин кымбат баалуу жабдууларым менен кофейняны арендага берип, өзүм билемдик кылып жаткан Алмаш жана анын жолдошу Бакиров Мамасадыкка карата жактоочулук позиция кармап, алардын үстүнөн жарандык түрдө сотко кайрылууга үндөп жатат” — дейт Эргешова.