Министрлер кабинети жана Улуттук банк мыйзамдарга ылайык, КРнын аймагында өндүрүлгөн баалуу металлдарды биринчилерден болуп сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

Кечээ, 30-январда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров, Арсланбек Малиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү иш сапары менен Улуттук банктын алтын сактоочу жайына барышкан.

«Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев келген конокторго жөнгө салуучу тарабынан алтын менен жүргүзүлүп жаткан операциялар тууралуу маалымдады. Өз сөзүндө төрага, министрлер кабинети жана Улуттук банк мыйзамдарга ылайык, КРнын аймагында өндүрүлгөн баалуу металлдарды биринчилерден болуп сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар экендигин белгилеп, азыркы тапта Улуттук банк өлкөдө өндүрүлгөн алтынды үзгүлтүксүз сатып алып турарын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банктын адистери депутаттык комиссияга Улуттук банктын карамагындагы алтын тууралуу презентация сунуштап, алтын кандай жол менен алынат, кантип сатылат жана кандай шарттарда сактала тургандыгы тууралуу кеңири маалымдап, берилген суроолоруна жооп беришти.

Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII токтому менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, КРнын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.