Автивист Тимур Саралаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарын тарыхый күн деп атады.

Активисттин айтымында, Мирзиёевдин Кыргызстанга келиши эки мамлекет үчүн, өзгөчө Борбор Азиянын чөлкөмдүк саясатындагы коопсуздук жаатында изин калтыра турган, олуттуу сапар.

“Сапар алкагында өкмөттөр аралык мазмундуу пикир алмашуулар, чоң бизнес-форуму өтүп, 168 млн долларлык долбоорлор боюнча да макулдашышты. Ал эми эң маанилүү күн тартиби Кыргызстан жана Өзбекстан президенттери — Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу. Бул иш-чараны тарыхый деп баса белгилесе болот. Анткени, буга чейин узак убакыттардан бери карама-каршылыктардын, түшүнбөстүктөрдүн, өзгөчө айрым саясатчылардын амбициялык жолтоолорунун айынан жөнгө салынбай келген. Албетте бир чечимге келүү оңой болгон жок, ага чейин түркүн жагдайлар болду. Бирок ички-сырткы тоскоолдуктарга карабастан Кыргызстан жана Өзбекстан президенттери эки өлкөнүн чек ара маселелерин сүйлөшүү жолу менен тынч чечип алышты”, — дейт ал.

Саралаев азыркы маалда Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасы белгиленгенин айтат.

“Демек келечекте эки коңшу элдин ортосунда чек аранын артынан карама-каршылык кылуучу кооптуу көйгөйлөр жаралбайт. Туугандар менен тынч жашап, мындан ары достукту бекемдөө үстүндө гана иш алынып барат. Бул өтө маанилүү. Кыргыз коомчулугу Өзбекстан президентинин пикирине толук кошулса болот. Бул маселелерди жөнгө салуу багытында эки тараптан саясий эрктүүлүк болуп, өзгөчө Садыр Жапаровдун президент катары саясий принципиалдуулугу, толук жоопкерчиликти алуусу чейрек кылымдан бери созулуп келген абдан чоң, кооптуу көйгөйгө биротоло чекит коюлушу болду”, — деди активист.