Күнүнө он миңдей адам кирип-чыгып соода кылган Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан «Кыял» мамлекеттик ишканасынын алдында жайгашкан базардагы көйгөйлөр тууралуу акыркы убактарда ЖМКларда жана социалдык тармактарда байма-бай маалыматтар, иликтөөлөр чыгып жатат.

Сыртынан караганда алакандай көрүнгөн бул базар 0, 40 сотых жерде жайгашып, ичинде 800дөй соода оруну бар. 2000-жылдары «Элдик чеберлер союзу» Бишкек шаардык мэриясынан ижарага алып, ушул базарды курушкан. «Балык башынан сасыйт» демекчи, Бишкек шаарынын генпланында бул жер унаа токтоочу жай катары көрсөтүлгөнүнө карабастан, базар куруу үчүн ижарага берилип кеткен.

Ошондо 2000-жылдан 2022-жылга чейин «Элдик чеберлер союзу» бирикмеси базардагы соода орундарын ишкерлерге ижарага гана бербестен, 18-20 миң АКШ долларына саткан жана ай сайын ижара акысын дагы алып турган (https://youtu.be/DSQML4rauBQ).

Мындай өзүм билемдки иштерин жасаган «Элдик чеберлер союзу» КБсынын төрагасы, базарга буга чейин ээлик кылып келген Султанбек Макашов «Кыял» мамлекеттик ишканасында узак жылдар боюу директорлук кызматты аркалаган. «Кыялдын» бүгүнкүдөй, таштандыга толгон, таланып-тонолгон, кароосуз калган абалына Султанбек Макашовдун салымы чоң экенин сокур кишиге деле дайын болуп турат.

Муниципалдык жерди ижарага алып, коркпостон аны кайра сатып, сатып алган ишкерлерден ай сайын дагы ижара акысын алып турган Мукашов жана Айылчиев Замирге мыйзам иштебейби? Же бул адамдар кудайдын эркесиби?

Бишкек шаардык мэриясынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин маалыматына таянсак (https://youtu.be/DSQML4rauBQ) талашка түшкөн базарды муниципалдык базарга айлантуу ниетинде иш алып барып жатышат. Бирок, Макашовдор мэрия менен келишимди узартуу үчүн улам сотко берип, азыр бул жерге сот тарабынан чектөө (арест) коюлган.

Эскерте кетсек, мэрия буга чейин 2022жылы декабрь айында  «Элдик чеберлер союзу» бирикмеси менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу бузуп, токтоткон.

Ошондо өткөн жылдын декабрынан бери Султанбек Макашов жетектеген «Элдик чеберлер союзу» КБсынын капчыгына түшүп турган миллиондогон акчалар кан буугандай токтоп калуу астында турат. «Уябагандан өзүн уял» дейт кыргыз эли! Мыйзамды да, адамдык этиканы сыйлабаган Макашов жана анын командасы Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти (мындан ары – Департамент) менен соттошуп келет. Дооматтары – келишимдин бир тараптуу токтотулушу.

Мамлекеттин жерин каалагандай пайдаланып, байлыкка тунган Макашовдун мэрияны сотко бергенин акыл-эстүү адам түшүнө бербейт. «Мамлекет мени менен келишимди токтотту, менин акча агылган булагым жабылды» таризинде доомат арткан Макашовго колдоо кылып, жан тарткан соттордун өзүн жоопкерчиликке тартуу зарыл. Макашов дээрлик 22 жыл бул базарды иштетип, казынага канча салык төлөгөн? Канча соода орундары болгон? Анын канчасын саткан? Канча ишкерден, канча сумма ижара акысын алып турган? Бул суроолорго жоопту салык кызматынан алуу керек.

Жакында Кудайберген базарынын ээлери салыктан жашырган суммаларын (70 миллион сом) казынага төлөп берди. Бул базарда дагы так ошондой окуя болуп жатат.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келгени карапайым элдин үмүт отун жандырып, мамлекетти тоноп байыган бир топ атка минерлердин жегенин кайра мамлекетке кайтартып жатканына коомчулук күбө.

Макалада сөз кылган «Кыял» МИнин жанындагы базарды дагы президент жеке көзөмөлүнө алып жана башкы көзөмөлдөөчү органдар  терең иликтеп чыкса, 22 жылдын ичинде Макашовдордун казынага канча зыян келтиргени аныкталып, бююжетке оңбогондой суммадагы акча кайтарылат!

Акыркы 6 айдан бери базардын мурдагы «кожоюндары» келишиминин бүткөнүнө карабастан, дагы деле ишкерлерден акча чогултуп, мыйзамсыз түрдө иштеп жатышат. Алардын мындай иштерине нааразы болгон ишкерлер мэрия менен жыйналыш өткөрүп, анда муниципалдык базар курууга макул болушуп, өздөрүнүн арасынан мэрия иштешүүчү өкүлдү шайлашат. Көпчүлүктүн ишеними менен Акылбек Аскаралиев шайланып, «Кыял Гранд» коомдук бирикмесин түзүп, базардын мындан аркы тагдыры менен күрөшүп, муниципалдык базар болуусуна мэрияга жардамдашып жатат. «Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерег секиртет» дегендей, оңой акчадан кол жуугулары келбеген «Элдик чеберлер союзу» КБсы Акылбек Аскаралиевди жаман аттуу кылуу максатында, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып, атайын тапшырык менен репортаж даярдаткан (https://youtu.be/iXg597Us5Eg).

«Чубактын кунундай чубалжыган» базардагы чырды 2023-жылдын 30-январында Ленин райондук соту бул чырдуу иштери карап баштады. Алгачкы отурумда сот материалдар менен таанышты. Кийинки отурум 15-февралга жылдырылды. Сотко байкоочу катары катышкандарды пикиринде, сот аткаруучу көз көрүнөө эле «Элдик чеберлер союзу» КБсынын укугун коргоп жатат. Бул жерде мамлекеттик менчикти колдонууда мыйзам бузуулар болуп, мэриянын алдындагы Департамент ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барууда. Ленин райондук соту миллиондогон акчалар казынадан кыйгач өтүп, жеке менчик ээлерин байытып жатканына кайыл болбой, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон чечим чыгарууга тийиш.

Сот иштерин жүрүшү, чечимдери тууралуу коомчулукка маалымат берилип турат. Мамлекеттик мүлктөрдүн эсебинен байып, элдин жонунан кайыш тилгендерге мыйзам менен чара көрүү зарыл!