Талас облусунда бир катар мектептерге КР Билим берүү жана илим министрлигинин атынан компьютерлер жана китептер берилди.

Ведомстводон билдиргендей, Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов жана билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов атайын иш сапары менен Талас облусуна барды.

«Иш сапарынын алкагында эл өкүлү менен министр Талас облусундагы мектептерге барып, көйгөйлөр менен жеринен таанышышты», — деп айтылат маалыматта.

Ага утурлай Уланбек Мамбетакунов министрликтин атынан айрым мектептерге 30 даана компьютер жана китептерди берди.