Үстүбүздөгү жылдын 2-февралынан 6-февралына чейин өлкө аймагында жаан, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-113-чакырымдарында жайгашкан Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

ӨКМден белгилешкендей, жарандарга бул күндөрү алыскы жолго чыгуу, тоолордо эс алууну башка күндөргө жылдыруу сунушталат.