Бүгүн, 1-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 100 атайы өрт өчүрүүчү заманбап техникаларды расмий түрдө тапшырды.

Буга чейин Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде “Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө” долбоорунун алкагында гранттык негизде заманбап 100 өрт өчүрүүчү техникасы келди.

Атайы өрт өчүрүүчү унаалардын курамында 5 тонна суу бата турган 75 унаа, 8 тонналык 10 унаа, авариялык куткаруучу 10 унаа, өрткө каршы үгүт иштерине колдонуучу 2 автобус, 50 метрлик 3 автошаты жана 10 куткаруу жаздыгы, 2-3,5 тонналык суу челеги бар.

Кытай Эл Республикасынан грант түрүндө берилген заманбап техникалар менен Өрт-өчүрүүчү бөлүктөрдүн паркы масштабдуу жаңыланып, өрт өчүрүүдө бир кыйла жеңилдик болуп, адам өмүрүн сактап калууга жана материалдык зыянды болтурбоого кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Маалымат ирээтинде: 75 өрт өчүрүүчү негизги унаанын ар биринин суу сыйымдуулугу 5 тонна, 300 литр көбүк батат жана секундасына 60 литр суу чачууга ылайыкталган 75 унаа бар. Жаңы унаада өрттү чектеген көбүк суу менен автоматтык түрдө даярдалып, 60 метр алыстыкка чейин чачырайт. Керектүү шаймандар, суу жеңчелери жана 5 өрт өчүрүүчүнүн кийими, каска, уулу газдан жана түтүндөн коргоочу аба шлеми, рациялар менен жабдылган.

Кыргызстанга суу сыйымдуулугу 8 тонналык 10 өрт өчүрүүчү негизги унаа биринчи жолу келди. Секундасына 50-100 л суу чачат.

10 – өрткө каршы авариялык куткаруу унаа (аварийно-спасательное противопожарная машина). Мындай үлгүдөгү унаалар түрдүү кырсык учурунда 5 тоннага чейин оор жүктү, автоунааны көтөрүүгө, сүйрөп чыгууга ылайыкташкан.

Өрткө каршы үгүттөөгө колдонулуучу (агитационная машина противопажарной пропаганды) 2 автобус, 10 адамдык, тиешелүү шаймандар менен жабдылган.

50 метрлик 3 автошаты (автолесница) автоматташтырылган сиситема менен жабдылган. Мындай система өрт өчүрүүдө эң ыкчам жана туура аракет көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бийик имараттардагы кырсык учурунда адам өмүрүн сактоого, куткарууга жана өрт өчүрүүчүнүн кабат үйдүн чатырына жетүүсүнө ылайыкташкан.

Бийик имараттан ыкчам түрдө адамды сактап калууга ылайыкталган 10 өрт куткаруу жаздыгы келди.

Сыйымдуулугу 2-3,5 тонналык 5 суу челеги (подвесная ёмкость для вертолёта) келди. Бул суу челеги М-8, М-17, К-32 үлгүсүндөгү тик учакка илинип, өрттү ири көлөмдөгү суу менен өчүрүүгө болот. Табигый шарттагы 2 метр тереңдиктеги көлмөлөрдөн суу топтой алат.