Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) мыйзамынын тегерегиндеги сөздөргө комментарий берди.
Өлкө башчы автоунааларды камсыздандыруу долбоору 2015-жылы башталганын айтып, териштирүүлөрдөн кийин ал жылдырылганын белгиледи.
“Азыр чийки. Анан да бул долбоорду мамлекет өзү колго алыш керек. Эч кандай жеке жактарга бербеш керек. Эл азыр жеке жактарга ишенбейт. Кайсы бир чиновниктин бизнеси деп түшүнүшөт. Ошол үчүн эл каршы чыгып жатат. Ошондуктан бул долбоорду өзүм көзөмөлгө алып, бардык жагын бышырып, эл өз эрки менен киргендей кылам. Себеби бул долбоор негизинен элге пайдалуу эле долбоор. Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында автомобилдер камсыздандырууда турат. Болгону камсыздандырууну туура, адилеттүү, калыс иштетиш керек. Эрежелерин толук иштеп чыгуу үчүн убакыт керек. Жакшы иштеп кетсе, балким, кийинчерээк жеке жактарга дагы уруксат берсек болот. Элге тандоого мүмкүнчүлүк болот. Автоунааларын мамлекеттик компанияда камсыздандыргысы келеби же жеке компаниядабы. Атаандаштык болуп турат”, — дейт Жапаров.
Булак: Кабар.кж