КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин караштыруу менен бирге, эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги келечекте боло турган иш сапарларды жана иш-чараларды сапаттуу түрдө уюштурууга, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-техникалык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле CASA-1000 сыяктуу маанилүү аймактык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Элчи Тотуяев Пакистан тарабына Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендиги тууралуу маалымат берип, саясий байланыштар боюнча ишти активдештирүү, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, инвестициялык кызматташууну илгерилетүү жана Борбор жана Түштүк Азиянын ортосунда эффективдүү логистикалык каттамдарды түзүү боюнча биргелешкен иш алып барууну сунуштады.

Пакистандые аремьер-министри Ш. Шариф өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого даярдыгын тастыктап, ошондой эле кыргыз тарабына саясий жактан колдоого, ошондой эле суу ташкындардын кесепеттери менен күрөшүүдө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыракмат айтып, президент Садыр Жапаровго көңүл айткандыгында ыраазычылыгын билдирди.

Ал көптөгөн маселелер боюнча жалпы кызыкчылыктарды жана позицияларды эске алуу менен, Пакистандын региондогу өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында президент Садыр Жапаровдун Пакистанга расмий иш сапарын уюштуруу маселесин биргелешип иштеп чыгууга макулдашышты.