Эсептөө палатасы 2021-жылдын майынан 2022-жылдын июнь айына чейин «Кумтор Голд Компани» ЖАК убактылуу сырттан башкаруу мезгилиндеги иштерине аудит жүргүзгөн. Аудитте «Кумтөрдүн» каражатынан «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКына бир канча долбоорлорду ишке ашырууга 1.9 млн доллар которулуп, бирок алардын эч бири ишке аша электиги аныкталган.

Эсептөө палатасынын отчетуна таянсак, убактылуу тышкы башкаруу мезгил аралыгында «Кумтөр Голд Компани» тарабынан Улуу Көчмөндөр Мурасынын» чыгымдары 1.9 млн долларга каржыланган.

«Холдинг тарабынан «Кумтөр Голд Компани» ЖАКыны каражаттарынын эсебинен 32 долбоор ишке ашырылууда, анын ичинен, «Аврора» санаториясын модернизациялоо, бутирленген суу, Каракол шаарындагы аэропортту реконструкциялоо, Каприз тоо лыжасы отелин модернизациялоо жана заманбап 5 жылдыздуу отелди, мрамор чыгаруучу заводду, Каракол шаарындагы
ипподромду куруу сыяктуу долбоорлор болгон.

Бул долбоорлорду ишке ашырууга, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын 1.9 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттары чыгымдалган, анын ичинен, жергиликтүү жана чет элдик жумушчулардын, ошондой эле контракттык негизде тартылган жумушчулардын эмгек акылары гана 1.7 млн АКШ долларын түзгөн. Бирок долбоорлор ушул кезге чейин ишке ашырылбастан калган», — деп айтылат отчетто.

«Кумтөр Голд Компанинин» эсебинен көрсөтүлгөн долбоорлорду каржылоо чечими, убактылуу сырткы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк тарабынан кабыл алынган.


Белгилей кетсек, уставдык капиталы 800 млн сомго чейин көбөйтүлгөн «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги жоюлууда. Бирок анын уставдык капиталындагы 3.4 млрд сомдун 2.7 млрд сому гана бюджетке кайтарылат.

Ошондой эле 650 млн сом холдингди жоюуга байланыштуу кредиторлордун талаптарын канаатандырууга жумшалат:

  • мамлекеттик салык кызматынын алдындагы кен иштетүгө алынган лицензиялар боюнча 638 млн сом;
  • компания түзүлгөндөн тарта иштеп келген кызматкерлердин айлык акысы, имараттын ижарасына төлөөгө болжолу менен 20 млн сом жумшалат.