Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Бишкек шаарында 1-февраль күнү «Сорос-Кыргызстан» фондунун ишмердүүлүгүнө каршы жана чет өлкөлүк агенттер жөнүндөгү мыйзамды колдоо боюнча тынчтык митингин өткөргөн патриот жарандарга ырзаачылыгын билдирди. Тынчтык митингинин катышуучулары Жогорку Кенештин депутаттарына чет өлкөлук агенттер жөнүндөгү мыйзамды эртерээк кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Эскерте кетсек, тынчтык митингине Кыргызстандагы «Эрк-Кыргызстан» саясый партиясынын жаштар канатынын лидери Бакыт Мойдунов, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу, жарандык активист Илимбек Исраиловдор катышкан.

Депутат Атазов «Мамлекетибиздин идеологиясына, улуттун баалуулуктарына, салтыбызга, наркыбызга сокку уруп жаткан бизде уюмдар бар. Биздин мамлекеттин стабилдүүлүгүнө терс таасирин тийгизген, керек болсо мамлекетке душмандар кол салганда дагы алар тарапты колдоп, жарыялаган сайттар бар. Булардын маалыматтарына, улуттун баалуулуктарына балта чаап жатканына көңүл бурушубуз керек. Себеби, булар Батыштын саясатын жайылтып, жаштарыбызды интернет аркылуу психологиясын бурмалай турган болушту. Биздин депутаттарыбыз демилгелеген чет өлкөлүк тыңчыларга баа бере турган мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин сайтында турат. Депутатыбыз Надира Нарматова жана бир нече депутаттар демилгелеген бул мыйзамды алып чыгып, эртерээк кабыл алышыбыз керек деп эсептейм. Кийин жаштарыбыз бурулуп кеткенде өтө кеч болот. Мамлекетибизде улут катары сакталышыбызга биз аракеттенишибиз керек.

Мамлекеттин өнүгүшүнө, эгемендүүлүгүнө сокку урган уюмдарга өзүнүн нааразычылыгын билдирип чыккан патриот бар мамлекетибизде. Ошолорго ыраазычылык билдиребиз. Мамлекетте динибизде, салтыбызга сокку ургандарга ар дайым өзүнүн пикирлерин билдирип жаткан, пресс-конференция берип жаткандарга ыраазычылык билдиребиз» — деген пикирин билдирген.