“Спутник” сайтынын шеф редактору Эркин Алымбеков Баткендеги курулуш тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн кечирим сурап, социалдык тармакта  видео кайрылуу жасады.

Аталган агенттиктин журналисти Эламан Кармышаков, 20 жаштагы студент миллиарддаган тендерди уткан, кан күйгөн Баткендеги курулуштун артында Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин кызыкчылыгы барбы деген иликтөө жасаган. Анда көрсөтүлгөн маалыматтар жалган экенин, журналист туура эмес маалымат таратканын мойнуна алды.

Шеф-редактору Эркин Алымбеков видео кайрылуу аркылуу мурдагы иликтөөсүн төгүндөп, кечирим сурады.

Эркин Алымбековдун айтымында иликтөө жарыялангандан кийин Президенттин маалымат катчысы Дайырбек Орунбеков курулуш тууралуу толук маалымат берип,  чындыкка дал келбеген макаланы чыгарганы үчүн “Спутник”  агенттиги кечирим суроосун айткан.

Шеф редактор Эркин Алымбеков Кыргызстанда Каныбек Туманбаев сыяктуу патриот жигиттер бар экени дем берет жана Кудайга ишенген адамдар мамлекеттен бир тыйын албай, тескерисинче курулуш иштерине өздөрүнүн салымын кошконун айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин “Спутник” маалымат агенттиги Баткендеги курулушта кетирилген мүчүлүштүктөр тууралуу иликтөө жарыялап, коомчулуктун талкуусунда калган эле. Иликтөө жарыкка чыкканда тиешелүү органдар бул иликтөө чындыкка дал келбей турганын билдиришкен.