Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлүгүнө жумуш берүүчүлөрдүн жана алардын кесиптик бирикмелеринин мүчөлөрү үчүн ачык конкурс жарыяланды.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, каалоочулар документтердин топтомун ушул жылдын 6-февралынан 16-февраль, саат 18:00гө чейин тапшырышы керек.

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгү документтер керектелет:

— жеке арызы;

— резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү;

— нотариустан же иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

— паспорттун көчүрмөсү.

Кошумча маалымат алуу үчүн: (0312) 62-10-46, 0705155844

Талаптар тиркемеде