Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директорлук кызматына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Бул кызматка төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:

«Маданият жана искусство» багыты боюнча жогорку кесиптик билими;

гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими;

жетекчилик кызматтарда 2 жылдан кем эмес иш стажы;

маданият жана искусство чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Сынакка катышуу үчүн бардык документтер Маданият министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2023-жылдын 13-февралына чейин тапшырылууга тийиш.
Кошумча маалымат алуу үчүн +996 312 662683 номери аркылуу байланышууга болот.