Энергетика, жер казынасын пайдалануу, логистика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу евразиялык интеграциянын алкагындагы кызматташууну жогорулатат. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Казакстандын Алматы шаарында өткөрүлгөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы отурумунда билдирди.

Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында белгилегендей, рынокто энергия алып жүрүүчүлөрдүн бардык түрлөрүнө баалардын кескин өзгөрүшү, эң керектүү азык-түлүккө жана эл керектөөчү товарларга баалардын өсүшү инфляциянын жогорулашына алып келди, ал дээрлик бардык өлкөлөрдө 12% ашты.

“Ошол эле учурда макулдашылган иш-аракеттер ички рынокто товарлардын айрым топторун экспорттоого чектөөлөрдү киргизүү аркылуу тобокелдиктерге өз убагында жооп кайтаруу биздин мамлекеттерде азык-түлүктүн курч тартыштыгын жоюуга мүмкүндүк берди. Жакынкы келечекте мамлекеттин жана инсандын жашоосунда санариптик технологиялардын ролу жогорулай тургандыгы так түшүнүктүү. Буга бүгүнкү күндөгү салтка айланган Digital Almaty санариптик форуму ачык далил”, — деп белгиледи ал.

Министрлер кабинетинин башчысы бүгүнкү күндө ар кандай тармактарда адамды алмаштыра ала турган технологиялар бар экенин белгиледи: кеп машина куруу, медицина, айыл чарба, биотехнология, микроэлектроника, мамлекеттик башкаруу жана башка тармактарда болуп жатат.

“Технологияны жана жасалма интеллектти колдонуу өзгөчө артыкчылык болуп саналат жана өндүрүштүн өздүк наркын төмөндөтөт, анын сапатын жакшыртат жана дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Ошол себептүү, биз бул приоритеттүү тармакта кызматташууну күчөтүшүбүз керек. Ошол эле учурда биздин кызматташтыгыбыздын мүмкүнчүлүктөрү көп кырдуу деп эсептейм. Биздин кызматташтыгыбыз өнөр жай менен гана чектелбеши керек. Ал көп кырдуу жана багыттуу болуусу зарыл, анын ичинде экономиканын башка тармактарына да багытталууга тийиш. Энергетика, жер казынасын пайдалануу, логистика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу биздин интеграциянын темпин жогорулатат”, — деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы бүгүнкү күндө Кыргызстан өзүнүн аймактык коңшулары – Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте Кыргызстандын аймагында эң ири Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштаганын билдирди.

“Бул масштабдуу долбоорду ишке ашыруу Борбор Азиядагы энергетикалык балансты камсыздайт. Биз Өзбекстан жана Кытай менен биргеликте Евразиялык экономикалык биримдигинин өлкөлөрү аркылуу Түштүк Азия, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкага товарларды жеткирүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоонун үстүндө жигердүү иштеп жатабыз. Кыргыз Республикасы экономиканын бардык тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр”, — деди ал.