OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Кыргызстанда 2030-жылга чейин 90 миллионго жакын көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө “Жашыл Мурас” улуттук программасы, ошондой эле “Жашыл Кыргызстан” программасы ишке ашырылууда.

«Жалпысынан 2030-жылга чейин 90 миллионго жакын көчөт отургузуу пландалууда, анын ичинен ар кандай табигый шарттарды эске алганда 70 миллионго жакыны толук кандуу өсүп кетүүсүү болжолдонууда», — деди Кутманова

Ал кошумчалагандай, 2022-жылы 8 млн көчөт отургузулган, 2023-жылы 8,5 млн, 2024-жылы 9 млн, 2025-жылы 9,5 млн даана көчөт отургузуу пландалууда.