Алдын ала маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөдө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, бүгүн, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган.

РИА Новости маалымат агенттиги Сириянын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берүү менен өлкөдө 237 адам каза болуп, 639 адам жабыркаганын билдирет. Ал эми Түркияда кеминде 76 адам каза болуп, 440 адам жабыркаганы маалымдалат.