Аткезчиликке каршы күрөшүүнүн алкагында, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылдын 3-февралында Кадамжай районунун аймагындагы коңшу өлкөлөргө товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү жана алып чыгуу менен алектенген адамдарга тиешелүү 20 даректе тинтүү иштери жүргүзүлдү.

КР жарандары Э.Ш.Н., А.Н.А., С.С.А. жана А.Т.К.га тиешелүү даректерде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 4377 телевизор, 3162 уюлдук телефон, 308 куту акцизсиз тамеки, 265 дөңгөлөк, 2,5 тонна түстүү металл (жез), 11 220 АКШ доллары жана 504 000 сом накталай акча, ошондой эле баасы 1 млн. долларга жакын башка керектөө товарлары алынган.