Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Түркияга жөнөшүүдө, алар катуу жер титиреген аймактарда куткаруу иштерине көмөктөшүшөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызмтаынан билдиришти.

ӨКМдин басма сөз кызматынан башчысы Алим Токторовдун айтымында, бүгүн саат 19:00дө алдын ала маалыматтар боюнча 63 куткаруучу жана 2 кинолог учуп кетишмекчи.

“Куткаруучулар өздөрү менен кошо куткаруу жабдууларын ала кетишет. Алар: чатырлап, талаа шартында иштөө үчүн азык-түлүктөр”, — деди ал.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ЖМКларга зилзаланын кесепетинен өлкөнүн түштүк-чыгышында 912 адам каза болуп, 5385 адам жабыркаганын билдирди.

“Жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де болгон жер титирөө 1939-жылдагы Эрзинжан жер титирөөсүнөн берки Түркиянын тарыхындагы эң чоң кырсык болду. Тилекке каршы, тилекке каршы өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү мүмкүн”, — деген президент издөө-куткаруу иштери уланып жатканын белгиледи.

Түркияга чектеш Сирияда жергиликтүү саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 326 адам каза болуп, миңден ашууну жабыркаган.