Президент Садыр Жапаров 7-февралда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Садыр Жапаров дагы бир жолу Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан жер титирөөлөрдүн кесепетинен улам көп сандаган адамдардын өлүмүнө байланыштуу түрк элине жана анын лидерине көңүл айтты.

Ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына сабырдуулук, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Президент Садыр Жапаров ушул кыйын учурда Кыргызстан бир тууган Түркиянын жанында болгонун жана кошумча гуманитардык жардам түрүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Буга чейин мамлекет башчынын тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар, медицина кызматкерлери, психологдор жана кинологдордон турган атайын тобу Түркияга жөнөтүлгөн.

Садыр Жапаров түрк элинин каармандык сапаттарын белгилеп, Түркия бул оор күндөрдү кайраттуулук менен басып өтөрүнө ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган президент Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине кыйын учурда колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди.