«Кыргызиндустрия» ААК жылына 50 млн топчу чыгара турган «Кыргызтопчу» ЖЧКсын ишке киргизүүгө даярданып жатат. Бул үчүн учурда Бишкектеги штамптоочу заводдун №16 цехинин имараты оңдолууда.

Керектүү техникалар алынып келинип түшүрүлгөнү маалымдалды. Ал оңдоо иштери аяктагандан кийин дароо орнотулат.

«Импорттук тигүү фурнитураларын, тагыраак айтканда, топчу менен камсыздоо максатында, Кыргызстанда топчу чыгаруучу өндүрүштү ишке киргизүү сунушталууда. Топчу чыгарчу цехтин курулушу ата мекендик тигүү ишканаларын сапаттуу жана керектүү топчу түрлөрү менен камсыз кылып, өндүрүмдүүлүктү, тигүү продукциясын экспорттоону жана жаңы жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2018-2020-жылдары башка өлкөлөрдөн келген тигүү аксессуарларынын көлөмү (тонна менен) 58%га өскөн, бул импорттун көбөйгөнүн айгинелейт. Кыргызстандык өндүрүшчүлөр кездемелерди жана тигүү буюмдарын негизинен Кытайдан же Түркиядан алышат.

Топчу цехинин өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 50 млн даанага чейин жетмекчи. Долбоорду ишке ашыруу үчүн «Кыргызиндустрия» ишканасы 100 млн сом өлчөмүндөгү каражатты инвестициялоону пландаштырууда.