Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жеңил атлетика боюнча федерация маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, чемпионат 10-февралдан 12-февралга чейин Казакстандын Астана шаарында өтөт.
Жеңил атлетика боюнча курама команданын чемпионатка катыша турган спортчуларынын тизмеси:

Ангелина Тяпова — 60 метр, тоскоолдуктарды аттап өтүү менен;

Светлана Майер — аралыкка секирүү;

Айнуска Калил кызы — 1 500 метрге, 3000 метрге чуркоо;

Тимур Исаков — аралыкка секирүү;

Мусулман Жоламанов — 1500 метр, 3000 метр аралыкка чуркоо.

Жөө күлүктөрдүн машыктыруучусу — КР ага машыктыруучусу Андрей Полубабкин.
Федерациядан дагы 3 спортчу чемпионатка өз каражаты менен бара тургандыгын кошумчалады. Аларды машыктыруучу Алмаз Казыбеков коштоп барат.