2023-жылдын 6-февралында улуттук коопсуздук органдары тарабынан социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды таратуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ошондой эле соттук-лингвистикалык экспертизанын жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруунун белгилеринин бар экендиги жөнүндө иш боюнча алынган башка далилдердин негизинде, КР жараны Н.Н.А. кармалып КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК жарандарды социалдык тармактарда араздашууну тутандырууга, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган ар кандай антиконституциялык чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырат, – деп билдирди аталган мекеменин Басма сөз кызматынан.