КМДБ Кыргызстандан ажылык сапарга баруучуларды жеткирүүгө авиакомпаниялардын ортосунда кыска мөөнөт ичинде тандоо конкурсун жарыялайт. Бул тууралуу мутияттын сайтында маалымдалды.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2023-жылдагы ажылык сапарына баруучу зыяратчыларды ташуу үчүн КРнын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда конкурс жарыялап, катышуучулардын документтерин 2023-жылдын 8-февралынан 15-февраль, саат 17:00 гө чейин кабыл алат.

Тандоо иш-чарасына катышуучу авиакомпаниялар коюлган талаптар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылса болот:

  • Бишкек шаары, Гоголь көчөсү № 57
  • Байланышуу үчүн: 0778900601, тел/факс: 0312 48 61 67  э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru
  • Тандоо иш-чарасы өтө турган күн: 16-февраль, саат 10:00 / КМДБнын жыйындар залы.

2023-жылы КРдан Сауд Араб Падышалыгына ажыларды аба жолдору менен ташууга катышуучу авиакомпанияларга коюлуучу негизги талаптар менен бул шилтемеден таанышууга болот.

Белгилей кетсек, Сауд Арабиясы кыргызстандык зыяратчылар үчүн 6 миң квота бөлүп бергени маалымдалган. Муфтият 2023-жылга карата ажылык сапардын баасы тууралуу маалыматты азырынча бере элек.

Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев 24.kg маалымат агенттигине берген билдирүүсүнө таянсак, буга чейин сынакка катышууга 4 авиакомпания арыз берген, бирок алардын бири да сынактын талаптарына толук жооп берген эмес.