Жарандык активист Илмира Бечелова Бишкек шаарындагы «Кыял» мамлекеттик ишканасынын алдында жайгашкан базардагы мыйзамсыз жасалып жаткан иштер, укук коргоо органдарынын «Кыял Гранд» коомдук бирикмесинин арыздарын бүгүнкү күнгө чейин өндүрүшкө ала электигин билдирип, мамлекет башчысына жана Башкы прокурорго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге Facebook социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жолдогон:  

«Ленин райондук Прокуратурасында, Султанбек Макашовду крышават эткен, прокурору бар экен. Канчалаган арыздар түшүп жатат, бирөөнү да чакырып сурак кылыша элек.

Эмнеге мыйзамсыз иштер боюнча арызды сурабай жатасынар?

Эмне бөлүшүп жатабы силер менен.

Албетте 25 жыл эки базарды башкарган, жемкор аферистер, силер менен табакташ болгону айдан ачык да.

Генералдык прокуратура, эмнеге көнүл бөлбөйсуздөр ушундай алашемдик ишмердуулук кылып жаткандарга?

Курманкул Зулушев сизден суранабыз!

Райондук кызматкерлериниздерди, көзөмөлдөө кылыныздар!

Камчыбек Ташиев сиздердин балдарга да болгон документтерди бергенибиз. Бизди суракка чакырышкан учурда.

Ошол боюнча да жыйынтык чыгарышы керек эле. Ошону көзөмөлдөп койсонуздар

сураныч. Садыр Жапаров сиз да көзөмөлгө койгон экенсиз. Бул иштин акыр аягына чыгарып бериниздер сураныч. 4-жылдап темселеп сиздерди колдоп жүргөн, Бечелова Илмира.

Кайра 2-3 жылдан бери өз деңгээлимчелик, ушундай жемкорлор менен күрөшүп жүргөн алсыз аял.

Ушул ишти акыйкат чечип бериниздер сураныч. Айрым Соттор, алардын акчаларын алып, мыйзамсыз чечимдерди чыгарып жатышат тилекке каршы».