Лейлек РИИБдин милициянын балдар менен иштөө инспекциясы Лейлек районунун аймагында  өспүрүмдөрдү оор жумушка тартууну алдын алуу боюнча биргелешкен ведомстволор аралык иш пландын негизинде рейддик иш-чара өткөрүштү.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Лейлек райондук билим берүү, социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, Лейлек РИИБдин милициянын балдар менен иштөө инспекторлору менен биргеликте Раззаков шаарында алдын алуу иштерин алып барышты. Анын жүрүшүндө укук бузган 8 мектеп окуучусу аныкталды. Аныкталган мектеп окуучуларынын мыйзамдуу өкүлдөрү чакыртылып, аларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесинин (Балдардын ден-соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө  мыйзамдарынын талаптарын бузуу) негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды. Иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга  өспүрүмдөрдү оор жумушка тартпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга эскертүүлөр берилди. Андан сырткары, оор шартта жашаган өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

 

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы