Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен биргеликте биргелешкен холдинг компания түзөт.

Жогорку Кеңештин күн мурун өткөн жыйынында “2022-жылдын 31-октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында кол коюлган КР министрлер кабинетинин атынан Экономика жана коммерция министрлиги менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргызстанда биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев биргелешкен холдинг компаниясынын уставдык капиталы 100 млн АКШ долларын түзөрүн белгиледи. Тагыраагы, холдинг долбоорлорду нөлдөн баштап каржылоо, токтоп турган ишканаларды активдештирүү, иштеп жаткан ишканаларды колдоо, насыя берүү аркылуу коммерциялык бизнес долбоорлоруна инвестиция салуу максатында иш алып барат.

Муну менен катар директорлор кеңеши 5 мүчөдөн, үчөө Эмират тараптан, экөө Кыргызстан тараптан болорун билдирип, мыйзам долбоорун үч окууда колдоп берүүгө чакырды.

Талкуу маалында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Биргелешкен холдинг компания кайда жайгашарын сураса, депутат Улугбек Ормонов аталган маселе келишимде жок экенине токтолду.

Өз кезегинде Данияр Амангелдиев Биргелешкен холдинг компаниянын кеңсеси Бишкек шаарында жайгашарын айтып, келишимдин тиркемесинде каралганын билдирди. Бирок депутат Улугбек Ормонов кол коюлган келишимде жайгашкан жери көрсөтүлбөгөнүн белгилеп, мыйзам долбоору чийки экенин кошумчалады.

Ал эми депутат Нуржигит Кадырбек мыйзамды колдоорун айтып, директорлор кеңешинин курамына байланыштуу тактоочу суроолорун узатты.

Жыйынтыгында бардык парламенттик фракциялардын чечимин эске алуу менен үч окууда добуш берилип, кабыл алынды.