Кыргызстандын мечиттеринде Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктарына багыштап Куран окулду.

Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкектеги борбордук «Имам Сарахси» мечитинде окулган Куранга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Кыргызстан муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев, Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов баштаган дин ишмерлери жана калаа тургундары катышты.

Азирети муфтийдин орун басары Самидин Атабаев Түркия жана Сирия аймагында катталган зилзалада каза болгондор үчүн ырайым, ал эми жаракат алгандар үчүн шыпаа тиледи.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 18 миң 342 адамга, жабыркагандардын саны 74 миң 242 адамды түзгөндүгү кабарланууда.