«Манас» эпосун изилдөө жана жайылтуу боюнча Концепция бекитилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана “Манас – улут биримдиги жана ынтымагы” маалымат өнөктүгүнүн концепциясын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.