Спорт
Бишкекте алгачкы жолу Азия-Тынч океан сурдочемпионаты өтөт
Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу таэквондо, дзюдо, грек-рим жана эркин күрөш боюнча I Азия-Тынч океан сурдочемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Сурдочемпионат Бишкекте 1-12-март аралыгында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болот.
Мелдешке 12 өлкөдөн угуусу начар жана сүйлөөдө кыйынчылык жаралган 300дөн ашык спортчу катышат.