Психолог Чолпонай Назаралиева ар бир адамдын жашоосу анын психикалык ден соолугуна байланыштуу болорун айтты.

Ар бир киши өзү каалагандай жашашы үчүн, биринчиден, ден соолугу болушу керек. Мында кеп бир гана дененин эмес психикалык ден соолук жөнүндө болууда. Бул тууралуу Чолпонай Назаралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

«Коомдо өз ордун таппай жүргөн адамдар, тилекке каршы, көп. Жашоодон эмне кааларын, эмне кылгысы келерин билбегендер толтура. Адам өзү каалагандай жашоодо жашаш үчүн эң биринчи кезекте ден соолугу болушу керек. Албетте, дененин саламаттыгы да өтө маанилүү, бирок бул жерде кеп психикалык ден соолук тууралуу болууда. Анткени психикалык ден соолук баарына таасир тийгизет.

Эгер адамдын ичинде таарыныч, стресс, депрессия болсо ал сыртка чыкканга жол издейт. Буларды ичке катпоо абдан маанилүү. Болбосо баш оорудан баштап ракка чейин алып барышы мүмкүн. Биз айтып жаткан психикалык ден соолук адамдар менен мамиле курууга көмөктөшөт. Үй-бүлө, дос күтүүгө, жумушта жана финансылык жактан ийгиликтүү болууга себепкер болот. Психикалык ден соолукту чыңдоо үчүн эмоционалдык интеллектинин деңгээлин жогорулатуу зарыл.

Эмоционалдык интеллект — адамдын өзүн-өзү түшүнүүсү. Жогоруда айткандай, айланабызда эмне кыларын билбегендер абдан көп. Бизге оор жоготууну башынан өткөргөн, туңгуюкка кабылган кардарлар келишет. Алардан «Кандайсыз?» деп сураганда көнүмүшкө айланган «жакшы» деген жоопту айтышат. Бул — өзүн-өзү алдагандык. Адам күнүнө өзүнөн эки-үч жолу сезимдери тууралуу сурап турушу зарыл. Башкача айтканда, сезимдери менен эсептешүүсү зарыл. Жан дүйнөбүз ооруп жатса психологго кайрылуудан тартынбаш керек. Денебиздин бир жери ооруса врачка барганга көнүп калганбыз. Бирок ички дүйнөбүз ооруп жатса маани бербей жүрө беребиз. Психологдорго акылы тайкы гана адамдар барат деген стереотиптен канчалык эрте арылсак ошончолук жакшы», — деди психолог.

Ал эмоционалдык интеллект тууралуу түшүнүк Кыргызстанда эми-эми жайылып жатканын жана бул нерсе дүйнө жүзүндө да 90-жылдары гана пайда болгонун кошумчалады.

Булак: Спутник.кж