Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон сапарынын алкагында Кыргызстандын бир нече жогорку окуу жайларынын (ЖОЖ) ректорлору КР менен Венгриянын ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу иш-чараларга катышууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, КР ЖОЖдорунун ректорлору Будапешт шаарындагы Этнография музейинде кыргыз буюмдарынын сүрөттөрүнүн көргөзмөсүнүн ачылышына катышышты.

Көргөзмөдө кыргыздардын улуттук өзгөчөлүгүн даңазалаган байыркы кийимдер, аксессуарлар, зергер буюмдар, музыкалык аспаптар жана башка буюмдар коюлган.

Аталган көргөзмө 19-февралга чейин уланат жана Будапешт шаарынын бардык коноктору жана тургундары үчүн жеткиликтүү.