Баасы арзан ноутбуктар акыркы жылдары сатылбай калды. Бул боюнча россиялык мобилдик терминалдарды изилдеген Mobile Research Group компаниясынын аналитиги Эльдар Муртазин Sputnik радиосуна айтып берди.
Анын айтымында, Россияда арзан ноутбуктар сатылбай, кампаларда жыйылып калган.
«Көптөгөн компаниялар каатчылык болуп жатат деп арзан баадагы ноутбуктарды алып келишкен. Бирок кардарлар электрондук буюм алууда баасына эмес, сапатына карап калышкан. Бул туура чечим. Акыркы учурларда баасы орточо же кымбат баадагы ноутбуктар сатылып жатат», – деген Муртазин муну арзан ноутбуктар көп убакытка жетпей эле бузулуп калгандыгы менен байланыштырды.
Адистин айтымында, орточо баадагы ноутбуктар жети жылга чейин иштейт, арзан болсо эки-үч жылга чейин кызмат кылат.
Муртазин ноутбук көпкө иштеши үчүн андагы программаларды жаңылап туруу керектигин кошумчалаган.