Бишкектен Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 7 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигиненбилдиришкендей, жүк 14-февралда түндөсү Pegasus Airlines авиакомпаниясы менен 2 тонна, «Түркавиалиниялары» авиакомпаниясы менен 5 тонна 850 кг жөнөтүлдү.

Элчиликтин маалыматына ылайык, актуалдуу болуп жаткан муктаждыктардын тизмесине кышкы чатыр, жууркан, газ жылыткыч, генератор жана уктоочу баштыктар кирет.

Эскерте кетсек, Бишкектеги гуманитардык жардам чогулткан пункт Жибек-Жолу, 264 дарегиндеги борбордук мечитте жайгашкан.