Бейшемби күнү күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3…+8, Талас жергесинде +2…+7, Ысык-Көл өрөөнүндө +1…+6, ал эми Нарында -3…+2 градус болору айтылды.

Бул күнү Бишкек менен Ошто жамгыр, кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада жана Ошто +6…+8 градус жылыйт.