Жогорку Кеңеш бүгүнкү 16-февралдагы жыйында жазгы-талаа иштерине даярдыктын жүрүшү жөнүндө министрлер кабинетинин маалыматын угууда.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган мүчөлөрү толук курамда катышууда.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков быйыл бардык аймактарда жазгы-талаа иштерине даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканын билдирди. Анын ырасташынча

үрөн, минералдык жер семирткич, күйүүчү май жана айыл чарба техникасы менен камсыз кылууда быйыл эч кандай көйгөй жаралбайт. «Кыргызстанда дыйкандары күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу үчүн нефтетрейдерлер ассоциациясы менен келишим бар. Бүгүнкү күндө бизге керектүү болгон 42 миң тонна күйүүчү май даяр. Бензин, дизель менен 100% камсыз кылынат. Ал эми минералдык жер семирткичтер боюнча 17 компания алектенет. Учурда 40миң тонна минералдык жер семирткич бар. Баасы былтыркыга салыштырмалуу төмөн», — деди министр Аскарбек Жаныбеков.

Минкабдын мүчөсү маалымдагандай, ирригацияга быйыл 1 млрд сом каралууда. Ал каражатка 816 чакырым чарбалык каналдарды тазалоо пландары турат.

Учурда депутаттар жазгы-талаа иштери боюнча Министрлер Кабинетинин тийиштүү өкүлдөрүнө суроолорун берүүдө. Депутат Нурбек Алимбеков жайыттардын деградация болушу боюнча маселе көтөрдү. Ошондой эле ал лизингге техника алуу өтө татаал экенин айтты. «Бизге кайрылгандардын маалыматы боюнча техника алуу шарттары өтө татаал экен. Банкта 2-6 айга чейин каралат дейт. Андан тышкары 20% акчаны алдын-ала алат дешет. Бул нерсени да жеңилдетүү керек», -деп белгиледи депутат Н. Алимбеков.

Учурда айыл-чарба тармагы боюнча жер-жерлердеги көйгөйлөрдү эл өкүлдөрү көтөрүп, жыйын суроо-жооп менен уланууда.