2022-жылдын 31-декабрына карата банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 204 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Анын ичинде:
- өнөр жайына берилген кредиттер — 13.7 млрд сомду түзгөн (1.1%га азаюу менен)
- айыл чарбасына берилген кредиттер — 37.1 млрд сомду түзгөн (11.7%га өсүү менен)
- соода чөйрөсүнө кредиттер — 56.2 млрд сомду түзгөн (9.6%га өсүү менен)
- курулушка берилген кредиттер — 12.9 млрд сомду түзгөн (4.5%га азаюу менен)
- ипотекага берилген кредиттер — 24.4 млрд сомду түзгөн (22.2%га өсүү менен)
- керектөө үчүн берилген кредиттер — 33.1 млрд сомду түзгөн (48.9%га өсүү менен)
- жана башкалар боюнча берилген кредиттер — 26.8 млрд сомду түзгөн (3.9%га азаюу менен).