25-февралдан тарта КТРК агай сериалын көрсөтө баштайт. Бул тууралуу Instagram баракчасына тартуучу топтун өкүлдөрү билдиришти.

«1990-жылдары кыйын кырдаалда Гапыр агай бир топ мугалимдер менен республикадагы биринчи эксперименталдык гимназияны алыскы айылга ачууну кыялданышкан. Тарбиячы таланттардын баш калкалоочу жайына айланган окутуунун жаңы усулдары менен заманбап билим берүү мектебин түзүүнү каалайт. Бул максатка жетүү жолунда Гапыр агай жана анын командасы кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жеңе алабы?». — деп айтылат сериянын баяндоосунда.

Белгилей кетсек, тасманын каарманынын прототиби Баткен районунун мугалими Гапыр Мадаминов болуп калган. Ал мындан 25 жыл мурун Тажикстан менен чектеш айылда атайын мектеп ачканы менен белгилүү. Ошону менен бирге ал балдарды окутууда өзүнүн уникалдуу методикасын иштеп чыгып, анын аркасында окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болуп, көптөгөн бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө билим алып, иштеп жатышат.

Булак: 24. кж