Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунда Германиядан кокаинди ашказанына жашырып алып келген жаран колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы Германиядан Кыргызстанга Түркия аркылуу транзит менен кокаин баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюу боюнча узакка созулган атайын операциясы ийгиликтүү жүргүзүлдү.

Ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 10-февралда “Манас” эл аралык аэропортунда Чек ара кызматынын көмөгү менен 37 жаштагы Т.В. аттуу жаран кармалган. Ал Германиядан Кыргызстанга баңгизат алып келген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш боюнча катталган.

Кармалган жарандын ашказанын кароодо медициналык кол каптарына оролгон баңгизат табылып, натыйжада жалпы салмагы 300 граммды түзгөн 50 даана контейнер алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат кокаин экендиги аныкталган.

Т.В. Германиядан кокаин баңгизатын сатып алып, аларды Кыргызстандын аймагында сатууга аракет кылган. Баңгизаттын бул түрү Кыргызстанда биринчи жолу ири өлчөмдө табылып жатат. Анын бир граммынын “көмүскө базардагы” баасы 500дөн 2000 АКШ долларына чейин жетет.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Кармалган жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды.