Кыргызстандын жарандары 24 өлкөгө визасыз режим менен чыга алат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтындагы маалыматтык тиркемеде көрсөтүлгөн.
Ага ылайык, кыргызстандыктар 30 күндөн бир жылга чейинки мөөнөткө жалпы жарандык паспорту менен эле жүрө алат, анын ичинде төрт өлкөдө виза такыр талап кылынбайт.
Кыргызстандын жарандары визасыз бара ала турган өлкөлөр жана мөөнөтү:

Азербайжан — 30 күн;

Армения —180 күн;

Грузия — 360 күн;

Молдова — 90 күн;

Вьетнам — 90 күн;

Малайзия — 90 күн (кайра кайта турган авиабилети, барчу мейманканасы брондолгон, картасында акчасы болушу шарт);

Монголия — 90 күн;

Беларусь — мөөнөтсүз;

Казакстан — мөөнөтсүз;

Россия — мөөнөтсүз;

Тажикстан — мөөнөтсүз;

Сербия — 90 күн;

Түркия — 90 күн;

Украина — 90 күн;

Өзбекстан — 60 күн;

Мальдив — 30 күн;

Антигуа жана Барбуда — 180 күн;

Барбадос — (кайра кайта турган авиабилети, барчу мейманканасы брондолгон, картасында акчасы болушу шарт);

Гаити — 30 күн;

Микронезия — 30 күн;

Намибия — 90 күн;

Сент-Винсент жана Гренадины — 30 күн;

Филиппин — 30 күн;

Эквадор — 90 күн;

Сейшель аралдары — 30 күн.